
Министр Орунтаев алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө убада берди
Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги 348 кайрылуу алынганын, анын ичинен 198и жазуу жүзүндө түзүлгөнүн билдирди.
Жыйында делегаттар региондордун туруктуу өнүгүүсү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча маанилүү маселелерди көтөрүштү.
"Курулуш тармагына байланыштуу бардык кайрылуулар министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө жана тиешелүү структуралык бөлүмдөргө терең анализ жана зарыл чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлдү", — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Эскерте кетсек, IV Элдик курултай 2025-жылдын 25-26-декабрында өтүп, ага өлкөнүн бардык региондорунан 700гө жакын делегат катышты. Мындан тышкары, форумдун ишине чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар жана ар түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.
Сүрөт www