
Н.А.Э.нын арызынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдик-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 500 000 сом алган Р.С.А. аттуу жаран кармалды, анын колунда белгиленген акчалар табылып, алынды.
Кийинки тергөө анын шериги, 1996-жылы туулган А.Р.К. аттуу жаранды кармоого алып келди. Анын жашаган жеринде милиция капитанынын ыйгарым укуктуу кызматкери катары жасалма күбөлүктөр, ошондой эле курал алып жүрүүгө уруксат жана улуттук коопсуздук кызматкери катары жеке номер табылды.
Айыпталуучулар Р.С.А. жана А.Р.К. Бишкек шаарынын Первомай райондук сотунун чечими менен камакка алынды.



