
Ысык-Ата районунда 35 жаштагы Ч.Ж. аттуу аялдын үйүндө жана анын унаасында жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 800дөн ашык жалган документтер жана Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин 10 мөрөсү алынды.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 379-беренеси (Документтерди жалган даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Ч.Ж. кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Учурда тергөө уланууда, анын алкагында бул кылмыштуу ишке катышы бар башка адамдар аныкталууда. Зарыл экспертизалар дайындалды.