
Серьездуу инциденттер катталган жок
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы жыл түнүндө өлкө аймагында оор кылмыштар же укук бузуулар катталган эмес.
Мерекелик иш-чаралар учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты. Жаңы жылдык майрамдар өтүп жаткан жерлерде, ошондой эле адамдардын көп чогулган жерлеринде укук тартибин сактоого күчөтүлгөн көзөмөл уюштурулган.
"29-декабрдан тарта ички иштер органдарынын кызматкерлери жана Ички аскерлер ИИМде күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришти. Түнкү жана күндүзгү милиция наряддары, ошондой эле тергөө-оперативдик топтор иштешти", - деп айтылат билдирүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 12 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылганын белгилеп өтүү керек.
Сүрөт www