Бишкекте кар күтүлбөйт. 29-январдан 1-февралга чейин аба ырайынын божомолу

Арестова Татьяна Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Синоптиктер Бишкекте январдын аягында жана февралдын башында жаан-чачын болбойт деп билдиришет.

29-январда түнкүсүн кичине кар жаашы мүмкүн, ал эми абанын температурасы −3 градус деңгээлинде калат. Күндуз болсо жаан-чачын болбойт, температура +2 градуска көтөрүлөт.

30-январда өзгөрмөлүү булуттуулук күтүлүүдө. Түнкүсүн температура −5 градуска түшөт, ал эми күндүз температура +1 градус чамасында болот.

31-январда дагы кар жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн температура −7 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз болсо +8 градуска чейин жылуу болот.

1-февралда аба ырайында маанилүү өзгөрүүлөр болбойт: түнкүсүн температура −4 градус, ал эми күндүз +9 градуска көтөрүлөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: