




1-январда Бишкектин Ленин районунда көп кабаттуу имараттын бешинчи кабатындагы батирлердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын ТЖМдин маалымат кызматы билдирди. Өрт тууралуу маалымат 17:54тө келип түштү. Өрттү өчүрүүгө Первомай районунан №4 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана №8 бөлүмдөн автобаскыч жөнөтүлдү. Өрттү толук өчүрүү 18:25те катталды.
Окуянын натыйжасында 20 адам эвакуацияланып, куткарылды. Жаракат алган адамдар тууралуу маалымат келген жок.