«Геология» базасында «Кудайбергенде» өрт чыкты — авто запчасткалары менен контейнерлер күйүп кетти. Видео

Ирина Орлонская Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Лумумба көчөсүндө, «Кудайберген» авто запчасть базарынын жанында «Геология» базасында өрт чыкты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт тууралуу билдирүү 1-январда саат 5:00дө келип түшкөн. Окуя болгон жерге беш өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн.

Алдын ала маалыматы боюнча, өрттөнгөн аянт 350 квадрат метрди түзгөн жана от 07:13кө карата өчүрүлгөн.

Бактыга жараша, жабыркагандар катталган жок.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: