
Трагедия Хивинская көчөсүндө болуп өттү
Бишкекте өрт чыгып, анын натыйжасында чет элдик студент каза болду, деп билдирет ӨКМ.
Окуя 16-январь күнү таңкы сааттарда Хивинская көчөсүндө болгон.
Өрттү өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн. Өрттүн аянты 40 чарчы метрди түзгөн, 38 адам эвакуацияланган.
Окуя болгон жерде 2004-жылы төрөлгөн чет элдик жарандын денеси табылган.
Сүрөт www