
От менен күрөшүүгө беш техника жөнөтүлдү
Бишкектин Первомай районунда авто запчасткалар дүкөнүнүн складында өрт чыкты.
Куткаруу министрлигинин маалымат кызматынын маалыматы боюнча, өрт тууралуу сигнал 05:05те келип түшкөн. Дароо Ленин районунан эки өрт өчүрүүчү бригада, ошондой эле Первомай районунан эки бригада жана Свердлов районунан бир бригада жөнөтүлгөн.
Ведомстводон маалымдашкандай, жеринде беш өрт өчүрүүчү бригада жана штаб иштеп, 07:13тө от толук өчүрүлгөн. Өрт чыккан аянт 350 квадрат метрди түзгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуядан жабыркагандар жок.