УВДнын басма сөз катчысы Назгуль Иманбаева билдиргендей, окуя тууралуу сигнал бүгүн саат 9:02де полицияга келип түшкөн. Алгачкы маалыматтар боюнча, Ауэзов көчөсүндөгү Большой Чуй каналына эки эркек киши батып кеткен.
Окуя болгон жерге Свердлов РУВДнын тергөө-оперативдик тобу жөнөтүлдү. Тергөө учурунда үч адамдын батып кеткендиги аныкталды:
- Ж.Ч., 37 жаш (1988-жылы туулган);
- Ж.Т., 57 жаш (1966-жылы туулган);
- Ж.Ж., 60 жаш (1963-жылы туулган).
Эки эркектин бири табылган, ал эми калган эки маркумду издөө операциялары улантылууда.
Свердлов районунун УВДсы окуяга байланыштуу бардык зарыл соттук-медициналык экспертизалар өткөрүлөрүн жана трагедиянын жагдайлары такталууда экенин белгиледи.