Ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун Д. К. аттуу аял кайрылган, ал М. Б. аттуу башка жаран тарабынан 2024-жылы 4,65 миллион сомго алданганын билдирген. Бул акча үчүнчү жакка өткөрүлүшү керек болчу, бирок жабырлануучунун айтымында, М. Б. аны өз муктаждыктарына колдонгон жана адресат акчаны алалган эмес.

Бишкек шаарындагы Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын сүрөтү.
Тергөөнү жүргүзгөн органдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Иштин тергөөсү уланууда.