Мошенниктер ПРООНго жетишти: жетекчинин атын колдонушат
Акыркы күндөрдө Кыргызстанда алдамчылык учурлары көбөйдү, алдамчылар БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьевадын атын колдонушат. Алар WhatsApp мессенджери аркылуу анын атынан билдирүүлөр жиберишет. Бул тууралуу ПРООН уюму маалымдады.