Жалал-Абад облусунун ИИБинде коррупцияга каршы күрөш боюнча жыйын өттү
Turmush — 29-январда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгында коррупцияга каршы күрөшүү жана кызматтык дисциплинаны сактоо маселелерине арналган жыйын өттү. Иш-чарага башкармалыктын начальниги Марлис Асанов катышты. Полиция кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган «Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жаңы мыйзам тууралуу маалымат берилди.