
Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын аныктоодо
Бишкекте жоголгон 11 жаштагы мектеп окуучусу табылды. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кыз кечээ жоголгон. Анын энеси милицияга кайрылып, кызын мектептен чыгып, автобуска отуруп, белгисиз тарапка кеткенин билдирген.
Жоголуу фактысы катталып, укук коргоо органдары дароо издөө операцияларын башташты.
Бүгүн, 2026-жылдын 30-январында, Ж.Н. борбордун Ленин районунда табылды.
Кыз ата-энесине кайтарылды, алар менен алдын алуу сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү. Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо иштери уланууда.
Сүрөт www