Жалал-Абад облусунун ИИБинде коррупцияга каршы күрөш боюнча жыйын өттү

Сергей Мацера Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Turmush — 29-январда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгында коррупцияга каршы күрөшүү жана кызматтык дисциплинаны сактоо маселелерине арналган жыйын өттү. Иш-чарага башкармалыктын начальниги Марлис Асанов катышты.

Полиция кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган «Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жаңы мыйзам тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруунун, мыйзамдарды сактоонун жана коррупция менен байланышкан бузулууларга жол бербөөнүн маанилүүлүгү эскертилди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: