
Бүгүн Ташкентте PWL күрөш лигасынын кезектеги туру өтүп жатат. Окуянын түз трансляциясын wrestlingtv.ru сайтынан көрүүгө болот.
59 килограмм салмак категориясында кыргызстандык Сезим Жуманазарова узбекстандык Лайлохон Собировадан 9:3 эсебинде жеңишке жетти.
Мурдагы беттештерде Абдымалик Карачов Осман Султановду, Омурбек Асан уулу Чермен Тавитовду жеңди, ал эми Кадыр Кенешов Гасан Гасановдон, Нурсадык Нурдинов Арип Абдулаевден (бардыгы — Россия) жеңилип калды.
PWL турниринин алкагында 24 беттеш пландалганын жана коврдо Акжол Махмудов да чыгыш жасай турганын белгилеп өтүү керек.