Борчулар бүгүн, 27-мартта, Ташкентте (Узбекистан) өтүп жаткан PWL 11 турниринин алкагында жолугушат.
«Ташкент — менин сүйүктүү шаарларымдын бири. Бул жерде таң калыштуу ашпозчулук, айрыкча плов», — деди Махмудов.
Ал ошондой эле Кусака күрөш боюнча Олимпиада чемпиону гана эмес, жашоодо да мыкты адам экенин кошумчалады. «Нао — абдан жакшы жана адептүү адам. Чоң жетишкендиктер адал жүргөн адамдарга келет, спорттон тышкары. Кусака чын эле жагымдуу жана жакшы адам», — деп баса белгиледи кыргызстандык.
Келечектеги беттеш тууралуу Акжол кызыктуу жекпе-жекке үмүт артып жатканын билдирди: «Мен өзүмдү сырттан көрүп, кайсы деңгээлде экенимди түшүнгүм келет. Биз көрүүчүлөргө жакшы күрөш көрсөтөбүз деп үмүттөнөм», — деди ал турнирдын алдындагы пресс-конференцияда.
Беттеш 77 кг салмак категориясында өтөт. Махмудов жана Кусака мурда эки жолу жолуккан, алардын жеке беттештеринин эсеби тең — 1:1.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация Wrestling (@greco_roman_wrestling_kg) тарабынан