Айпери Медет кызы — 2025-жылдын эң мыкты спортчусу Мамлекеттик спорт агенттигинин версиясы боюнча
Бүгүн, 28-декабрда, Мамлекеттик физикалык тарбия жана спорт агенттиги 2025-жылдын мыкты спортчуларын атады. Аялдар арасында олимпиадалык спорт түрлөрүндө биринчи орунду Айпери Медет кызы ээлеп, Кыргызстанды дүйнөлүк күрөш биримдигинин (UWW) рейтингинде жылды аяктаган жалгыз өкүлү болду.