Ак үй Трамптын планынын алкагында Газаны башкаруу комитетин түзгөнү тууралуу маалымдады
Заявление боюнча, мурда Палестина өкмөтүндө вице-министр кызматын аркалаган Али Шаат жаңы комитетти жетектейт. Анын милдеттерине негизги коомдук кызматтарды калыбына келтирүү, жарандык институттарды реконструкциялоо жана Газадагы күнүмдүк жашоону жакшыртуу кирет. Ошондой эле Ак үйдө NCAG түзүлүшү "БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2803-резолюциясына (2025-жыл) толук шайкеш келет" деп белгиленди, бул резолюция АКШ президентинин демилгесин колдойт жана Тынчтык Кеңешинин түзүлүшүн кубаттайт.