
Норвегиянын Нобель комитети Венесуэладагы оппозиция өкүлү Мария Корина Мачадо тарабынан АКШ президенти Дональд Трампка тынчтык сыйлыгын берүү боюнча билдирүү жасады.
Социалдык тармактардагы билдирүүсүндө комитет: «Нобель сыйлыгы жарыяланган учурда, ал жокко чыгарылбайт, бөлүштүрүлбөйт же башка адамдарга берилбейт. Бул чечим акыркы жана бардык убакытка күчүндө калат... Медаль ээси алмашса да, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты наамы алмашпайт» деп белгиледи.
Бул билдирүүдөн кийинки күнү Мария Корина Мачадо Нобель тынчтык сыйлыгын Дональд Трампка өткөрүп бергенин билдирди. Алардын Белый үйдөгү жолугушуусу Венесуэладагы кырдаалды талкуулоо үчүн эки сааттан ашык уланды.
Мария Корина Мачадо 2025-жылы Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүү боюнча «туруктуу эмгеги үчүн» Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болгон. Дональд Трамп тынчтыкты орнотуудагы аракеттери үчүн Нобель сыйлыгын алууга укугу бар экенин бир нече жолу билдирген.