Мамлекетте аскердик абал 3-февралдан баштап узартылып, ушул жылдын 4-майына чейин күчүндө болот. Жобону 330 депутат колдоду, ал эми кабыл алуу үчүн минимум 226 добуш керек болчу. Мындан тышкары, украин парламенти жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартты, бул үчүн 312 эл өкүлү добуш берди.
Украинада аскердик абал 2022-жылдын февралында Владимир Зеленский жалпы мобилизация жөнүндө мыйзамга кол койгондон кийин Россиянын аскердик аракеттерине жооп катары киргизилген. 2025-жылдын августунда Украина өкмөтү 18 жаштан 22 жашка чейинки жаш эркектердин өлкөдөн чыгып кетишине уруксат берүү чечимин кабыл алды.