
Президент Зеленский ошондой эле учурда 15 жылдык кыска мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерин берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи.
«Мен ага айттым, бизде азыр эле согуш болуп жатат, жана ал дээрлик 15 жылдан бери уланууда. Ошондуктан кепилдиктердин узак мөөнөттүү болушун каалайт элек. Биз 30, 40 же 50 жылдык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууга даярбыз. Бул президент Трамп үчүн тарыхый чечим болушу мүмкүн. Ал бул тууралуу ойлонуп көрүүгө убада берди», — деп кошумчалады украин лидери.
28-декабрда Зеленский менен Трамптын Флоридада жолугушуусу болуп өттү. Переговорлордун жыйынтыгында Украина президенти тынчтык планы 90% макулдашылганын, ал эми АКШдан коопсуздук кепилдиктери 100% макулдашылганын билдирди. Бирок, бул кепилдиктердин деталдары так эмес. Эки президент да Донбастын аймактарына тиешелүү маселелердин дагы эле чечилбегенин белгилешти.