Анын айтымында, 2025-жылга чейин өлкөгө $715,7 миллион инвестиция тартууга жетишилди, бул жаңы ишканалардын ачылышына жана ар кандай региондордо жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түздү.
Искандарбек Маматов жетишилген натыйжалар мамлекеттик максаттардын региондордо ийгиликтүү аткарылганын көрсөтүп жатканын белгиледи.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөнүн ар кайсы аймактарында төмөнкүдөй ишканалар жана жумуш орундары ачылган:
- Чүй облусу — 35 ишкана, 3 миң 731 жумуш оруну;
- Талас облусу — 6 ишкана, 110 жумуш оруну;
- Жалал-Абад облусу — 16 ишкана, 700 жумуш оруну;
- Баткен облусу — 13 ишкана, 1 миң 66 жумуш оруну;
- Ысык-Көл облусу — 12 ишкана, 363 жумуш оруну;
- Нарын облусу — 13 ишкана, 432 жумуш оруну;
- Ош облусу — 14 ишкана, 519 жумуш оруну;
- Бишкек — 6 ишкана, 1 миң 348 жумуш оруну;
- Ош — 4 ишкана, 202 жумуш оруну.
Министрликтен белгилешкендей, инвестиция тартуу жана региондордо жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер улантылат.