Жогорку Кенеш Италия менен инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча келишимди экинчи окууда кабыл алды
Жогорку Кенештин депутаттары талкуу жүргүзүп, Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы ортосундагы инвестицияларды стимулдаштыруу жана коргоо боюнча Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты. Бул документ 2025-жылдын 30-майында Астанада кол коюлган. Макулдашуунун негизги максаты — чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүүчү укуктук базаны түзүү. Ал инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган, аларга ыңгайлуу шарттарды камсыз