Бул индекс канааттандырарлык аба шарттарын көрсөтөт.
Бишкектеги эң булганган райондор:
1. Мадиев көчөсү - 121
2. Байтик айылы - 17
Бишкектеги булгануунун негизги булагы PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты мыкты деп эсептелет, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезимтал калк үчүн ден соолукка терс таасир этет, бирок калган адамдарга көрүнүктүү таасири жок |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардык жарандар терс кесепеттерин сезиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдар |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолук үчүн коркунучтуу, бардык калкка таасир этет |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка олуттуу коркунуч туудурат, ар бир адам олуттуу кесепеттерин сезиши мүмкүн |
PM2.5 – бул 2,5 микрондон кичине микроскопиялык бөлүкчөлөр, адам чачынын диаметринин 30 эсе кичинекей. Алар абадагы чаң, күл, сажа, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын түзөт. Дал ушул элементтер ири шаарларда мүнөздүү булуттуулукту жаратууда.
Дүйнөлүк аба сапаты рейтингине ылайык, Бишкек 17-январда 31-орунду ээлейт (саат 17:00 боюнча) дүйнөдөгү шаарлар арасында.
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин болтурбоо үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- таза абада физикалык активдүүлүктү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.