Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча Токтогулда 750 орундуу мектеп курулууда
Жалал-Абад облусунда, Токтогул районунун «Таласбай» микрорайонунда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү боюнча 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Бар болгон маалыматтарга ылайык, учурда бетон негизин даярдоо жана колонналар үчүн фундаменттерди куюу иштеринин аяктагандыгы маалымдалды.