
Жалпы каржылоонун көлөмү 8,3 миллион евро болот
12-январда Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны өтүп, Кыргызстан менен ЕБРР ортосундагы кредит жана грант боюнча келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору бекитилди.
Проект Ош шаарындагы биринчи тазалоо комплекси жаңыланууну камтыйт. Жалпы каржылоонун суммасы 8,3 миллион евро, анын ичинен 4 миллион евро Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан 15 жылдык мөөнөт менен, 4 жылдык жеңилдик мезгили жана жылына 1% пайыздык ставкасымен плюс 6 айлык Euribor түрүндө кредит катары берилет. Калган каражаттар грант түрүндө берилет.
Сүрөт www