Бул келишимдер 2025-жылдын 11-июлунда Бишкекте Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана пандемияларга каршы профилактика жана жооп берүү үчүн түзүлгөн Трасттык фонддун администратору болуп саналган Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосунда кол коюлган.
Долбоордун негизги максаттары пандемияларды алдын алуу, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун күчөтүү жана Борбордук Азиядагы экосистемалардын ден соолугун коргоо болуп саналат. Программа адамдын, жаныбарлардын жана чөйрөнүн ден соолугуна байланыштуу «Бирдиктүү ден соолук» интеграцияланган жакындашуу сунуштайт.
Бул келишимдердин алкагында Кыргызстан төмөнкү финансылык каражаттарды алат:
- 50 жылдык мөөнөт менен 30 миллион АКШ долларын түзгөн кредит, 10 жылдык жеңилдик мезгили жана нөл пайыздык ставка;
- 1,79 миллион АКШ долларын түзгөн грант.
Бул каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:
- адамдарда, жаныбарларда жана жапайы табиятта зооноздук инфекцияларды мониторингдөө жана эрте аныктоо системасын күчөтүү;
- лабораториялык тармактарды модернизациялоо, анын ичинде жабдууларды жаңылоо жана диагностика деңгээлин жогорулатуу;
- медицинада жана ветеринарияда антибиотиктерди рационалдуу колдонуу аркылуу микробдорго туруктуулукту алдын алуу;
- азык-түлүктүн коопсуздугун өндүрүү жана кайра иштетүү этаптарында камсыздоо;
- жапайы жана көчмөн жаныбарларды мониторингдөө менен эпидемиологиялык көзөмөл системаларын түзүү жана күчөтүү;
- биологиялык коопсуздук боюнча ведомстволор аралык координацияны жана укуктук базаны өнүктүрүү;
- кадрларды даярдоо, адистерди окутуу жана маалыматтарды алмашуу үчүн маалыматтык платформаларды киргизүү.