Бул долбоор "Ош шаарындагы канализациялык тазалоо станциясын кеңейтүү" программасынын үчүнчү этабы болуп саналат. Модернизацияланган биринчи комплекстин натыйжасында тазалоо курулмаларынын кубаттуулугу күнүнө 20 миңден 40 миң кубометрге чейин жогорулайт.
Долбоордун биринчи этапта суу камсыздоо системасы кайра курулду, натыйжада шаардагы жаңы райондор суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Экинчи этапта экинчи тазалоо комплекси реабилитацияланып, толук калыбына келтирилди.
Жалпы каржылоо суммасы 8,3 миллион евро, анын ичинен:
- 4 миллион евро Европалык инвестициялык банк тарабынан кредит түрүндө берилет;
- 3 миллион евро - Европалык Союздан (ЕС) грант;
- 1,3 миллион евро - Жашыл климат фонду (GCF) тарабынан грант.