
Тараптар Бакуда жетишилген келишимдерди растады
24-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Медер Туманов менен Азербайжандын Борбордук Азиядагы соода өкүлү Самед Гасановдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министрлигинен билдиришти.
Жолугушуу учурунда катышуучулар 2025-жылдын 8-декабрында Бакуда өткөн Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйынында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулашты.
Переговорлордун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн кийинки кадамдарды макулдашышты, анын ичинде товар айлануунун көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү жана Азербайжано-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү.
Сүрөт www