
Депутат Карим Ханджеза чет элдик студенттер үчүн жатаканалар курууну сунуштады
Жогорку Кенештин конституциялык мыйзамдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин өткөн жыйынында Карим Ханджеза Кыргызстандын аймагында билим алып жаткан Индия, Пакистан жана Кытайдан келген студенттер үчүн шарттарды уюштурууну өтүнүп, илим, жогорку билим жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу Гульзат Исматовага кайрылды.
Ал, өзгөчө, бул студенттер үчүн жатаканаларды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Депутат билим берүү кызматтарын экспорттоо пайда алып келиши мүмкүн экенин белгилеп, министрди бул багытта ишти активдештирүүгө чакырды.
Жооп катары Гульзат Исматова жатаканалар боюнча көйгөйлөр Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү экенин, анткени студенттердин болгону 30%ы гана жатаканада орун ала аларын белгиледи.
«Биз учурдагы жатаканалардын абалын жакшыртууга жана алардын ичинде орундардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген ЖЧП долбоору менен иштеп жатабыз», — деди Исматова.
Фото www