Ал билдиргендей, публикация тууралуу маалымат Бишкектин Ички иштер башкармалыгына өткөрүлгөн. Андан кийин блогер табылып, Октябрь райондук сотуна ишти караш үчүн жеткирилди.
Сотья М. Жолдошбаев 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салуу боюнча чечим чыгарды.

Сүрөт, жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн. Сүрөт фейк болуп саналат.
Адвокат соттун чечимин адекваттуу деп эсептээрин айтып, мындай сүрөттөрдүн зомбулук түрү катары бааланышы мүмкүн экенин жана кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады. Ал ошондой эле мындай материалдарды жайгаштыруунун кесепеттерин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.