
Бекназар Айталиев.
Гульшайыр Абдирасулова, укук коргоочу, активисттин массалык башаламандыкка үндөгөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылып, төрт жыл эркинен ажыратылганын, бирок мөөнөтүнүн үч жыл пробациялык көзөмөлгө алмаштырылганын билдирди.
Эскерте кетсек, 7-августта Айталиев пресс-конференцияда жергиликтүү тургундардын атынан президент Садыр Жапаровду жана ГКНБнын башчысы Камчыбек Ташиевди үйлөрдү бузууну токтотууга чакырган. Бул чыгышынан кийин ал кармалды.
Сот Айталиевди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча "Кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөө жана массалык башаламандыкка үндөө" үчүн күнөөлүү деп тапты.