Жаңы токтомго ылайык, убактылуу бюджеттик каражаттарды жайгаштырууга мүмкүн болгон механизмдер жана шарттар жөнгө салынат. Бул өзгөртүүлөр өлкөнүн Бюджеттик кодексинин жоболорун эске алуу менен иштелип чыккан жана мамлекеттин каржы саясатын тартипке келтирүүгө багытталган.
Ошондой эле, мурдагы күчүндө болгон токтомдор күчүн жоготту деп таанылды, алардын арасында:
- 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 токтому;
- 2023-жылдын 22-декабрындагы № 704 токтому;
- 2025-жылдын 27-январындагы № 41 токтому.
Бул документтер убактылуу бош бюджеттик каражаттарды коммерциялык банктарда жайгаштырууга байланыштуу болчу.
Кабмин жаңы эрежелердин киргизилиши мамлекеттик финансыларды башкарууда көбүрөөк ачыктыкты камсыздайт жана учурдагы нормаларды кайталоону жоюйт деп белгиледи.
Жаңы тартип бир жума ичинде күчүнө кирет.