
Бишкекте Куликовская жана Славянская көчөлөрүндө, ошондой эле Рыбинский көчөсүндө жаңы канализация тармактарын орнотуу боюнча иштер башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бул иштерге байланыштуу, 2026-жылдын 4-5-январь күндөрү Буденный көчөсүнүн, Жибек Жолу проспектиси менен БЧК ортосундагы бөлүгү убактылуу жабык болот. Бул бөлүктө канализация куруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Казылган траншеянын туурасы болжол менен 1,2 метрди түзөт. Проект Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда, ал эми подрядчы катары ОсОО «Агат КЖ-Строй» компаниясы чыгууда.