
2003-жылы негизделген бул конкурс Борбордук Азия, ТМД өлкөлөрү жана Европа өлкөлөрүнөн келген сүрөтчүлөрдү чогултат.
Ар жылы бул иш-чаранын алкагында тема, кураторлор, формат жана калыстар курамы жаңыланат. Конкурс 19-апрелге чейин уланат.
ИЗО музейинин сүрөтү
Иш-чарага катышуучуларды күтөт:
- Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары;
- перформанстар, жандуу көрсөтүүлөр жана искусство боюнча талкуулар;
- ачык жана эркин искусство чөйрөсү.