
2-майда кооз Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road - ШОС" аттуу эл аралык марафон өтөт, ал Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган.
Сорунга 20 өлкөдөн үч миңден ашык жүгүрүүчүлөрдүн катышары күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 42,2 км классикалык марафон, 21,1 км жарым марафон, ошондой эле 10 км (жүгүрүү жана скандинавиялык жөө жүрүш кирет) жана 3 км массалык жүгүрүү боюнча ар кандай аралыкта жарыштар пландалууда.
Бул марафондун максаты эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, спорттук туризмди өнүктүрүү жана дене тарбиясын жайылтуу болуп саналат.