
Нурланбек Тургунбек уулу парламент жыйынында өзүнүн пикирлерин билдирди
Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлорун даярдоодо тил нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн эске салды, мамлекеттик тилди колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Ал бардык мыйзам долбоорлору биринчи кезекте кыргыз тилинде иштелип чыгышы керектигин, андан кийин гана расмий тилге которулушу керектигин айтты.
«Бардык мыйзам долбоорлору үчүн бирдей талаптар сакталууга тийиш. Алгач кыргыз тилинде документ түзүлүп, андан кийин гана расмий тилге которулушу керек. Бардыгыңыздарды бул маселеге көңүл бурууга чакырам», — деди спикер, бул талаптын маанилүүлүгүн баса белгилеп.
Тургунбек уулу мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгууда бул маселе боюнча атайын көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Сүрөт www