
Бишкек шаардык мэриясы №87 мектепте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарын жарыялады.
Билим берүү департаменти аталган мектепте болгон окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде "Балдар жөнүндө" Кодексин, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамды жана "Жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө" үлгү жобосун, ошондой эле педагогдордун кесиптик этика нормаларын бузуу фактылары аныкталды.
Аныкталган бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизди, бул кабыл алынгыс.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча мектеп директоруна дисциплинардык жаза белгиленди, ал эми мугалим белгиленген процедураларга ылайык кызматынан бошотулду.
Мэрияда балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо маселелери Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти тарабынан дайыма көзөмөлдө болуп турганы белгиленди.
Источник: Кабар