
Реагирлөө тобу шектүү кыймыл байкалган жерге дароо жөнөдү. Натыйжада, браконьерлер өз торлорун орнотууга үлгүрбөй калышты.


Кармалгандар Тюп районунан 38 жаштагы Д.Т. жана Ак-Суу районунан 39 жаштагы М.К. болуп чыкты. Алардан эки синтетикалык балык кармоо тору жана надувной кайык алынды.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органдары мыйзамсыз балык кармоо региондун экосистемасына коркунуч туудурарын жана аны катуу токтоторун белгилешет.