

4-январда Ысык-Көл облусунун экология жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгы, туристтик-экология милициясы менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сайтында маалымдалды.
Иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталып, суу сактагычтардан жалпы узундугу 1100 метр болгон кытай синтетикалык торлору алынды.
Мындай рейддердин максаты биоресурстарды коргоо, браконьерликтин алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо.
Министрлик ошондой эле браконьерлерге каршы рейддерди улантууну пландап жатканын билдирди.