Ошто кээ бир ири участоктардагы курулуш токтотулду. Жанар Акаев нааразы
Бүгүн шаар мэри Жанар Акаев Р. Абдыкадыров көчөсүнө барып чыкты. Бул жерде курулуш иштерин убактылуу токтотуп коюу чечими кабыл алынган. Жолугушууда шаар башчысы жол курулуш иштерин тез арада кайра баштоо жана асфальт төшөө иштерин бекитилген мөөнөттөргө ылайык аяктоо боюнча тапшырмаларды белгиледи.