Ноокат районунда жаңы подстанция эксплуатацияга берилди
html Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ноокат районундагы «Т. Кулатова» 35/10 кВ жаңы подстанциясын жана «Абшыр – Т. Кулатов» 35 кВ аба электр линиясынын ачылышын жасады. Бул объекттер Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылында жайгашкан, Ош электр тармактарынын башкармалыгына таандык. Министрликтин маалыматына ылайык, бул долбоор 3626 абоненттин 1820ин электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Алар 10 кВ «Абшыр» фидери боюнча 97 трансформатордук подстанцияга туташтырылган,