
Ысык-Көлдүн аймагында браконьерликке каршы күрөшүү максатында рейд өткөрүлдү. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алкагында иш алып барган Ысык-Көл облустук экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын адистери мыйзамсыз балык уулоочу торлорду алып, алардын жок кылынуусун уюштурушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Туристтик экология милициясы менен биргеликте инспекторлор мыйзамсыз балык уулоону алдын алуу жана көлдүн сууларын тазалоо максатында бир катар профилактикалык жана көзөмөл иш-чараларын өткөрүштү.
Рейд учурунда Орукту жана Жаркынбаев айылдарынын ортосунда жашырылган тор табылып, дароо алынып салынды. Мындан тышкары, январь айынан бери жыйналган бардык мыйзамсыз торлор жергиликтүү ӨКМ бөлүмүнө өткөрүлүп, белгиленген нормаларга ылайык жок кылуу үчүн жөнөтүлдү.