



16-январда Иссык-Көл көлүнүн акваториясында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында, Иссык-Көл облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору 400 метр узундуктагы эски кытай синтетикалык торду табышып, алып коюшту. Табигый ресурстар министрлигинин маалыматына ылайык, бул жабдык мыйзамсыз колдонулуп, аймактагы балык ресурстарына олуттуу коркунуч туудурган.
Рейддин негизги максаты мыйзамсыз балык уулоону алдын алуу, суу биоресурстарын коргоо жана Иссык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо болду.