
Министрликте тажрыйба алмашуу боюнча виртуалдык конференция өттү
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган онлайн-жиынына Германия, АКШ, Улуу Британия, Россия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө иштеп жаткан кыргызстандык медиктер катышты. Иш-чаранын алып баруучулары министрдин орун басарлары Бакытбек Кадыралиев жана Темирбек Эркинов болду, министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул жыйындын негизги максаты кесиптик тажрыйба алмашуу, дүйнөлүк медициналык практикаларды талкуулоо, кадрларды даярдоо жана саламаттык сактоону санариптештирүү, ошондой эле чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерди Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө тартуу мүмкүнчүлүгү болду.
Мамлекеттик адистер дүйнөлүк жетекчи клиникалардагы иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, отандык саламаттык сактоону жакшыртуу боюнча бир нече сунуштарды беришти. Талкууланган маселелердин арасында заманбап технологияларды, анын ичинде бронхоскопия жана NGS-диагностика, санарип чечимдер, ошондой эле онкология, пульмонология, трансплантология жана анестезиологиядагы жардамды жакшыртуу маселелери каралды. Ошондой эле гемодиализ, мобильдик клиникалар, лицензиялоону жеңилдетүү жана врачтарды даярдоо темалары талкууланды.
Кадрларды камсыздоо боюнча көптөгөн сунуштар айтылды. Иш-чаранын катышуучулары кыргызстандык адистерди окутууга, стажировкаларды уюштурууга, лекциялар өткөрүүгө жана эксперттик тажрыйба менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, медиктердин Кыргызстанга кайтып келишинин шарттары жана профессионалдык долбоорлорго катышуусу талкууланды.
Сүрөт www