Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4-мартта Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль Заяни менен сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүү учурунда ал президент Садыр Жапаровдун колдоосун билдирип, королдуктун аймагына таасир эткен кырдаалдын курчушуна байланыштуу тынчсыздануусун белгиледи.
Тараптар саясий жана дипломатиялык чөйрөдө диалогду калыбына келтирүү, ошондой эле региондо тынчтык жана туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүү ниетин билдиришти.
Мындан тышкары, Кулубаев Оман өлкөсүнүн тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад Аль-Бусаиди менен да байланышып, сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар региондогу коопсуздук жана туруктуулукка байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алышышты.
Кыргызстандын тышкы иштер министри президенттин атынан Оман элине жана анын жетекчилигине колдоо жана биримдик сөздөрүн жеткирди, Перс булуңундагы өлкөлөрдөн кыргызстандыктарды кайтарууга жардам бергенине ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн аягында министрлер конфликттерди тек гана тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти, бул региондогу кырдаалды стабилизациялоого жардам берет.
***
28-февралда Израиль жана АКШ Иранга сокку урду. Дональд Трамп Ислам Республикасының ядролук программасын жок кылуу ниетин билдирди.Иран жооп катары Израильге жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө, АКШнын аскердик базалары жайгашкан жерлерге сокку урду. Сокку Бахрейнге, Катарга, Кувейтке, Абу-Дабиге жана Дубайга (БАЭ) ошондой эле Эр-Риядга (Сауд Аравиясы) тийди.
Американо-израиль операциясынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлдү. Кийинчерээк, соккудан алган жаракаттардан анын жубайы Мансуре Ходжасте да каза болду.
Трамп Ирандагы операция төрт жумага созулаарын билдирди. Иранда АКШ жана Израилге каршы жихад жарыяланды, сүйлөшүүлөр болбойт деп убадаланды.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да таасир этүүдө. Азыркы учурда БАЭдеги конфликттин айынан миңдеген туристтер кыйын кырдаалга туш болууда. Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдөгү элчиликтердин жана консулдуктардын байланыш номерлерин бул жерден таба аласыз.