

Бул соккулардын натыйжасында Катардагы Аль-Удейд, Кувейттеги Али аль-Салем, Бириккен Араб Эмираттарындагы Аль-Дафра аскер базалары, ошондой эле Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун базасы жабыркады.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Катардын борбору Дохада жана Аль-Удейд аскер базасынын жанында көптөгөн жарылуулар угулууда. Катардын коргоо министрлиги ирандык ракеталардын кармалып алынганын билдирүүдө. Мындан тышкары, Эр-Риядда (Сауд Аравия) жана Абу-Дабиде (ОАЭ) жарылуулар болгондугу тууралуу маалыматтар бар.
Ирандын коргоо министрлиги да расмий билдирүү жасап, ракета соккуларынын максаты «бул региондогу бардык америкалык аскер базалары» экенин баса белгиледи.
Бүгүн Израиль Иранга каршы ракета соккуларын баштаганын, муну «алдын алуу соккусу» катары мүнөздөгөнүн белгилеп кетүү керек. Вашингтон бул маалыматты тастыктап, операция Израиль менен биргеликте «Арыстандын ургаалы» деген аталышта жүргүзүлгөнүн кошумчалады.