
Мындан тышкары, сокку мурдагы Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын үйү жайгашкан аймакты да камтыды.
Интернеттен алынган сүрөт. Аятолла Хаменейдин резиденциясына болгон сокку
Ирандын расмий өкүлдөрү аятолла Хаменей менен өлкөнүн лидери Масуд Пезешкиан жаракат албаганын жана коопсуз экенин билдиришүүдө. Ошол эле учурда, израильдик аскерлер бир нече жогорку даражадагы ирандык чиновниктерди жана аскерлерди жок кылганын айтышууда.
Бүгүн Израиль жана АКШ Иранга каршы сокку башташты, бул шаарларга жана аскердик объектилерге көптөгөн авиациялык жана ракета соккулары менен коштолду. Тегеран жооп катары Израильге жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөлөрдөгү америкалык базаларга сокку урду. Биринчи соккулардан кийин америкалык президент Дональд Трамп өз билдирүүсүндө «Арстанын үнү» деп аталган аскердик операциянын башталганын жарыялады.