Нипах вирусу. Саламаттык сактоо министри өлкөдөгү абалды курчутпоого чакырды
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова Нипах вирусунун жайылышына байланыштуу өкмөттүн аракеттери тууралуу суроо берди. Бул суроого саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жооп берди, ал кырдаалдын көзөмөлдө экенин билдирди.